• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздар президентке кайрылды

17 Баш оона 2021 15:32 Бишкек Govori.TV

Ооганстандын башкалаасы Кабулда жашаган этникалык кыргыз Эминуллах Курманалы уулу үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүнүн амалын таппай убара. Ал буга чейин мамлекеттик кызматты аркалагандыктан, эми талибдердин аракетинен кооптонгонун айтат.

Ооганстандын башкалаасы Кабулда жашаган этникалык кыргыз Эминуллах Курманалы уулу кайрылуу жасады. Ал Кабул талибдердин колуна өткөндөн кийин мамлекеттик кызматынан кол жууп, эми алардын бутасында каламбы деп кооптонуп турганын «Азаттыкка» берген маегинде айтып берди.

— Менин атым Эминуллах. Улутум кыргыз. Учурда Кабул шаарында үй-бүлөм менен жашайм. Кабулда бизге окшогон 5-6 кыргыз үй-бүлө бар. Гилменд вилайетинде эки, Мазари-Шарифте 2-3, Кундуз шаарында төрт, Фаязбадда төрт үй-бүлө калды. Калган кыргыздар Улуу Памирде жашайт.

— Учурда Кабулда абал кандай?

— Өзүңүздөр окуп, билип жатсаңыздар керек. Негизи эле Ооганстанда абал курч. Биз үйдү жаап, сыртка чыкпай отурабыз. Шаардын көчөлөрүндө ок атылып, башаламан болуп жатат. Эми калк такыр көчөгө чыкпай калды. Талибандар жүрөт. Дүкөндөрдүн бардыгы жабык. Коркуп отурабыз. Сыртка чыкмак түгүл, терезелерди ачпайбыз.

— Эгер дүкөндөр жабык болсо кантип жан багып жатасыздар?

— Менин беш кызым бар. Аялым менен жетөөбүз турабыз. Бул башаламандык башталардан мурун ун, күрүч, май, чай алып койдук эле. Эми айла жок үйдө нан жаап, тамак ашты үнөмдөп жашаганга аракет кылып жатабыз. Айла жок. Мен буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп ушул турган үйүмдү алгам. Эми бара-бара согуш чыгып кетсе мал-мүлк эмес жаныбызды гана коргоп калууну көздөп калабыз го.

— Айрым ооганстандыктар учурдагы абалдан кооптонуп башка өлкөлөргө качуунун амалын издеп жатканын угуп жатабыз. Сиздер эмнени ойлоп жатасыздар?

— Абал кандай болуп кетери азыр белгисиз. Андыктан Кыргызстандын президентинен суранар элем. Мүмкүн болсо бизди Ооганстандан алып кетсин. Суранабыз. Ата мекенибизге жетсек дегенде эки көзүбүз төрт. Антпесе бир ууч ооганстандык кыргыз жок болуп кетүүнүн алдында турабыз.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 1464