• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Оор кылмыш боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

24 Аяк оона 2021 10:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында оор кылмыш боюнча издөө салынган жаран Жайыл районунан
кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрь күнү болжол менен саат 08:00 чамаларында Жайыл районунун Федоровка айылындагы талаалардын биринен 1985-жылы туулган А.Х. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кароо
учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар зат алынып, салмагы 30 граммды
түзгөн. Тиешелүү сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн кармалган жаран
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 215