• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ооруканадан уюлдук телефондорду уурдаган жаран кармалды

7 Аяк оона 2022 11:01 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыяда ооруканадан уюлдук телефондорду уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:30 чамаларында Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндөгү столдо турган “Редми Нот 9” жана “Айфон SE” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду белгисиз жаран уурдап кеткендиги боюнча Ноокат районунун жашоочулары арыз менен кайрылган.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай шаарынын тургуну 2001-жылы туулган Т. у М. кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 383