• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ооруканага түшкөн Камчыбек Ташиевдин абалы айтылды

5 Үчтүн айы 202212:45 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин билдиргенине караганда, УКМК төрагасынан COVID-19 вирусу табылган жок. Бирок ал пневмония илдетине кабылган, абалы канааттандырарлык.

«Андан пневмония аныкталды. Абалы канааттандырарлык, жылыш бар. Коронавируска тапшырган анализи таза чыкты. Азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда», — деди Бейшеналиев.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Ташиев 4-январь күнү дарылануу үчүн «кызыл зонага» түшкөнүн жазышкан.

Количество просмотров: 5623