Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу дарыгер Эмил Макимбетовду камакка алды. Ал “Батукаев айыккыс дартка чалдыкканы тууралуу жалган аныктама берген» деп айыпталууда. Бирок, рак менен ооруган балдардын ата-энелери башкы прокурорго, ички иштер министрине, Биринчи май райондук сотунун төрагасына кайрылуу жолдоп, камакка алынган онколог Эмил Макимбетовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарууну өтүнүшүүдө.
Маалымдалгандай, Макимбетов чукул арада алты балага операция жасамак. Бирок, камакка алынгандыктан операциялар белгисиз мөөнөткө калды жана балдардын өмүрү коркунучта турат. Мындай операцияны Кыргызстанда жалгыз гана Макимбетов жасайт. Ооруга чалдыккан балдардын ата-энелеринин айтымында, «Макимбетов балдар онкологиясында эч кимге алмашкыс дарыгер”.