• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Оозунан жаңылган саясатчыларга соцтармактар күнөөлүү…

3 Бештин айы 2018 16:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.11.2018. Govori.TV
 “КСДП” фракциясынын жыйынында депутат Иса Омуркулов маалыматтык коопсуздук жаатында иш өтө начар жүрүп жатканын айтып, тиешелүү чара көрүүгө мыйзам сунуштоону айтып чыкты.
Жакында эле депутат Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин комитетитин жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун айрым жагдайлардагы ишин сынга алган.
Мындай сунуш Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан биринчи жолу айтылып жаткан жери жок. Буга чейин  Махабат Мавлянова оозунан жаңылып кытай жарандарына визасыз тартип киргизүү керектигин айткандан кийин, социалдык тармакта кызуу талкууга түшкөн эле. Мындан кийин Мавлянова социалдык тармактардыгы сынчылар үчүн чара көрүү керектигин айтып чыккан.
Мындай сунушту берип жаткан эл өкүлдөрүнүн пикирине кесиптештери да өз ойлорун билдиришти.
Мындай сын-пикирлер буга чейин деле далай аттуу баштуу саясатчыларга айтылып келген. Алардын бири “Ата-Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтылган сын-пирирлерге кантип коңүл бурбай койсо болоорун, экс-вице-премьер-министр Даир Кенекеев alakan.biz. басылмасына берген маегинде айткан.
Анын айтымында, Өзүңө айтылган сын-пикирге кантип көңүл бурбай коюуга болот?,-деген суроого Текебаев төмөнкүдөй жооп айткан.
ГРАФИКА: Биринчиден мен ал гезиттерди окубайм. Экинчиден менин терим калың «бронированный» болуп калган, ошондуктан ага реакция кылбайм. Үчүнчүдөн ал жалган, фактысы жок жазылууда.Эгер жазган киши ошондон ырахат алса, анда жаза берсин!
Чын сөз чычалатат болгон саясатчылар атайын мыйзам кабыл алып алышып, өздөрүн сын-пикирден алыстаткысы келип калды окшойт…

 

Количество просмотров: 28