• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Опера жана балет театрынын директорун кызматтан кет деп кыйнап жатышат

25 Үчтүн айы 2019 17:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV

Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын директору Болотбек Осмонов «кызматтан кет деп кыйнап жатышат» деп билдирди. Анын айтып бергенине караганда, кызматтан кетери же кетпеси 28-январда белгилүү болот. Азырынча арыз жазып бере элек.

19-январь күнү Осмонов жетектеген жайда «Dota 2» компьютердик оюну боюнча турнир өткөн. Буга байланыштуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов комиссия түзүп, анда Осмоновдун жоопкерчилиги карала турганын айткан.

Осмонов эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтууда.

 «Азырынча жумуш ордумдамын, арыз жаза элекмин. Бирок «кет» деп кыйнап жатышат. Баары кийинки аптанын башында белгилүү болот. Мен бир дагы мыйзамды бузган жокмун. Оюнду уюштурган тарап менен ортодо келишим түзүлүп, ижара акы төлөндү. «Dota 2″ компьютердик оюнунун өтүшү мени кызматтан кетирүүгө жөн гана себеп болуп жатат. Бул оюн интеллектуалдык оюндардын катарына кирип, биздин гана эмес, дүйнөлүк театрларда деле өткөрүлүп жүрбөйбү. Интеллектуалдык компьютер оюнун ойноп жаткан балдар эмне эң жаман балдарбы же чыккынчыларбы? Эмне үчүн бербешибиз керек? Баары мыйзамдуу болду», — деп түшүндүрдү Осмонов.

Булак: SUPER.KG’

Количество просмотров: 20