• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын жамааты премьер-министрге нааразылык билдирди

12 Тогуздун айы 2018 16:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.10.2018. Govori.TV
Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын жамааты өкмөткө нааразылык билдирүүдө.
Улуттук макамы бар бир нече мекемелериндеги, искусство жана билим берүү, маданият кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга жогорулаганы айтылган. Бул токтомго премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев кол койгон.
Улуттук макамы бар деп, бир катар аты аталган мекеменин кызматкерлеринин айлык акысы жогорулап, мамлекеттик мекеме болгон үчүн,  Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын кызматкерлеринин акысы көтөрүлгөн эмес.
“Маданият кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга көтөрүлдү» деген кабарды уккан эмгек жамаатыбыз аябай сүйүнүп жатты эле. Тилекке каршы, бул сүйүнүчтүү кабар бардык маданият кызматкерлерине тиешелүү эмес экенин билдик. Куурчак театры – бул билим берүүнүн жана балдарды тарбиялоонун бир бутагы. Искусствонун бул түрүн алып кете алган артисттер чанда гана. Ага жан берүү, эмоция берүү, бөбөктөрдү ишендирүү, кыймылдатуу — мунун баары бир учурда болгондуктан, артисттен чеберчиликти, ийкемдүүлүктү, элпектикти, кубулуп туруучу үндү талап кылат. Ансыз да кадр маселеси жаралып жатканда, биздин театрды тизмекке кошпой койгону, жалпы жамаатты ого бетер кыжаалат кылды. Куурчак искусствосу – бул “опера жана балет театры” сыяктуу өзгөчө театр экенин канткенде жеткирүү мүмкүн болду экен?” — деп наарызычылык билдиришти.
Количество просмотров: 48