«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында жүргүзүлгөн текшерүүдө инвесторлор менен иштөөнү көзөмөлдөө жаатында мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын инвестициялык ишмердигин жана «Южный» филиалын тескеген башкы директорунун орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.
Мындан тышкары, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын буйругу менен «Южный» филиалынын директору ээлеген кызматынан кетирилди. Экөө тең “эмгектик милдеттерин одоно бузгандыгы үчүн” деген жүйө менен кызматтан бошотулду.
Бул боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилди.