• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖК комитети Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу сунушун колдоду

27 Чын куран 2023 16:23 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан алуу боюнча «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын сунушун колдоду.

Комитет бүгүн кезексиз жыйын өткөрүп, чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Эми комитеттин чечими Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Жогорку Кеңеш 19-апрелдеги жыйынында өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктеринин абалы боюнча акыйкатчынын бир жылдык баяндамасын уккан. Жыйында «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү сунушун айтып, ал тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 65