• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Операция болгон ак илбирс баш көтөрдү (видео)

13 Үчтүн айы 2020 18:08 Бишкек Govori.TV

Таласта кармалган жаралуу ак илбирске операция жасалып, ал тамактанып калды. Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалымат катчылыгынан билдиришти.

Видео тасмада жаңы гана Жаабарс деп ысым берилген ак илбирстин баш көтөрүп, суу ичип жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, 9-январда Талас облусундагы Көк-Ой айылында жергиликтүү тургундар тарабынан жарадар болгон ак илбирсти бактан түшүрүүгө аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу видео тараган. Илбирс Бишкекке алынып келинип, ага ок тийгени белгилүү болгон.

Количество просмотров: 186