• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

«Оппозиция эл душманы эмес». Кожокулова Мадумаровдун иши боюнча комментарий берди

1 Жетинин айы 2023 14:19 Бишкек Govori.TV

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова камактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун иши боюнча комментарий берди.

«Жогорку кеңештин депутаты, кесиптеши болгонубузга карабай иш менен толук кабардар эмеспиз. Ден соолугу тынчсыздандырууда, операция жасатуу сунушталган. Сүйлөшүүгө мүмкүн болбой жатат. Менде маалымат аз»,-деди депутат.

Кожокулова мындан тышкары «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын айланасында болуп жаткан окуяларга токтолуп өттү.

Эске салсак, Жогорку Кеңештеги оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 26-октябрда Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 24-октябрга чейин камакта калтырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 556