• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Оппозициячыл журналист Роман Протасевич жана сүйлөшкөн кызы үй камагына чыкты

25 Кулжа 2021 18:02 Бишкек Govori.TV

Беларустагы оппозициячыл Nexta телеграмм-каналынын мурдагы башкы редактору Роман Протасевич жана сүйлөшкөн кызы София Сапега үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу алардын ата-энеси Би-Би-Синин орус кызматына айтып берген. Маалыматка ылайык, Протасевич жана Сапега учурда Минскидеги ар башка батирде кайтарууда жашап жатат.

Орусиянын Минскидеги элчилиги орус жараны болгон София Сапеганын үй камагына чыкканын тастыктады.

Оппозициячыл журналисттин атасы Дмитрий Протасевич бийлик эмне себептен мындай кадамга барганын түшүнбөй жатканын, “балким аны кайсы бир саясий оюнга катыштырууну көздөшүүдө” деп билдирген.

Литвада баш калкалап келген активист Роман Протасевич 23-майда сүйлөшкөн кызы София Сапега менен чогуу Ryanair авиакомпаниясынын учагы менен Афиныдан Вилньюска учуп чыккан. Бирок бул учак Беларустан Литванын аба мейкиндигине кирерге аз калганда «бортто бомба бар» деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда күчтөп Минскиге кондурулган жана борттогу Протасевич менен Сапега камакка алынган. Беларус бийлигинин бул кадамы Евробиримдик сыяктуу эл аралык уюмдардын кескин сынына кабылган.

Укук коргоочулардын айтымында, беларус бийлиги 23 жаштагы Сапегага «массалык башаламандык уюштуруу» сыяктуу бир топ айыптарды тагып жатат.

24-июнда Европа Биримдиги Беларус экономикасы жана өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко үчүн негизги киреше алып келген мунай, тамеки өндүрүү, калий жер семирткичтерин экспорттоо сыяктуу тармактарга санкция салган.

Беларустагы былтыр август айындагы талаштуу президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланып жатат. Демократиячыл күчтөр нааразылык акцияларды уюштуруп, бийлик аларга каршы басымды күчөткөн. Он миңдеген адам камалып, бир катар оппозициячыл саясатчылар, активисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

АКШ, Европанын бир катар өлкөлөрү былтыркы шайлоонун жыйынтыгын жана Александр Лукашенкону мыйзамдуу лидер катары таануудан баш тарткан.

Количество просмотров: 135