• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Опумбаев менен Жунушалиев изделип жатат

3 Жетинин айы 2020 9:20 Бишкек Govori.TV

УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев изделип жатат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусундагы иш сапары учурунда билдирди.

«Жунушалиев менен Опумбаев изделип жатат, азырынча маалымат жок. Буйрук берип эл менен милициянын кагылышына себепкер болгондор сөзсүз жазасын алат”, — деп билдирди Жапаров.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыккан. Нааразылык акциясында күч кызматкерлери жана митингчилердин кагылышуусу орун алган. Анда бир нече жаран жаракат алып, 19 жаштагы жигит каза болду. Бир нече саатка созулган массалык баш аламандыктан кийин 6-октябрда таңга жуук митингчилер Ак Үйдү жана  УКМКны басып алышкан. 

Количество просмотров: 203