• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Опузалап акча талап кылууга шектелип, коомдук бирикменин мүчөлөрү кармалды

18 Бештин айы 2023 9:55 Бишкек Govori.TV

Ошто опузалап акча талап кылууга шектелип, коомдук бирикменин мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМ кызматкерлери Ош шаарында өзүлөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коомдук бирикменин мүчөлөрүбүз деп аташып, жарандардан системалуу түрдө опузалап акча алып жүргөн шектүүлөрдү кармашты.

Милицияга Ош облусунун тургундары мыйзамсыз аракеттерге карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Өздөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коомдук бирикмеге мүчө деп атаган айрым жарандар узак убакыттан бери дарыканага барып, аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн акча талап кылып жатканы кабарланган.

Бул окуя боюнча чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинде каралган кылмыш белгиси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КИББнын Учүнчү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча УККБ кызматкерлери (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү) жүргүзүштү.

Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө ушул жылдын 15-декабрында Ош шаарындагы кафелердин биринде шектүүлөр 5 миң сом акча алып жатканда кармалган. Алар өздөрүн «Аруу Сапат» коомдук бирикмесинин мүчөсү деп аташкан 1986-жылы туулган М.Г. жана 1987-жылы туулган Ж. А. аттуу жарандар болушкан.

Кармалгандардан опузалап алган акча каражаттары, коомдук бирикменин күбөлүгү табылып, алынган. Маалыматтарга караганда, бул коомдук бирикме мындан беш жыл мурда түзүлгөн.

Мындан тышкары, аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү бир айга жакын башка дарыкананын кызматкерлерине кирип, мыйзам бузуулар болду деп акча талап кылышкан. Ошол учурда алар 3 миң сом акча алышкан. Бул жагдай коопсуздук камерасына, акча алып жаткан учуру тартылып калган.

Аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда дагы 20га жакын жаран жогорудагы адамдарга карата арыз менен кайрылышты. Тергөө иштерин Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 154