• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Оренбургда калган кыргыздар президентке ачык кайрылуу жасашты

6 Чын куран 2020 10:05 Бишкек Govori.TV

Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы кыргызстандыктарга тийиштүү жардам бериле элек. Бул тууралуу мигранттар өздөрү кабарлашты.

Алардын айтымында, жалпысынан 200дөй адам 16-марттан бери өтө албай Оргенбургдун Соль-Илецк шаарында чек арада калышкан. Ара жолдо калган кыргызстандыктар мекенине кайта албай, унааларында түнөп кыйналышууда. Алар президентке кайрылуу жасашты.

Эске салсак, Оргенбургдун Соль-Илецк шаарында чек арада калышкандар буга чейин дагы кыргыз өкмөтүнүн көңүлүн буруу үчүн видео кайрылуу жолдошкон.

Буга чейин 100гө жакын жаран Соль-Илецк шаарындагы мусулмандар башкармалыгынын колдоосу менен мейманканаларга жайгаштырылганы 15ге чукул айдоочу өз каалоосу менен автоунааларында калып жатканы маалымдалган.

Ал эми ТИМ жана КРдин РФтеги элчилиги мекенине кайтууну каалаган, Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы кыргызстандыктарга тийиштүү жардам берүү маселесин иштеп чыгуу аракетин көрүп жатканын кабарлаган.

"МИГРАНТТАР:" Депутаттар ойлонгула", " өкмөт чара көргөн жок", " биз машинада күн өткөрүп жатабыз", "күн болсо сууктап жатат", " бизди эптеп алып чыгып кеткиле"

Опубликовано Жетинчи канал Суббота, 4 апреля 2020 г.




Количество просмотров: 163