• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Оренбургда калган мигранттардын теңи бүгүн келет

20 Бугу 2020 18:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-майда Оренбург—Бишкек чартердик аба каттамы аркылуу Оренбург облусунун Бузулук районунда калган Кыргызстандын жарандарынын бир бөлүгү келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен кабарлашкандай, жаш балдар, аялдар, анын ичинде кош бойлуулар, ошондой эле улгайган адамдар жана саламаттыгында олуттуу көйгөйлөр бар жарандар мекенине кайтарылат. Жарандар Кыргызстанга келгенде обсервацияга жайгаштырылат.

«Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Бузулук районунда калган Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстан аркылуу транзиттик коридор уюштуруу маселеси да иштелип чыкты. Аларды мекенине кайтаруу үчүн автобустардын колоннасы уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин уюштурулган чартердик каттамга 23 жаран кирбей калган. Социалдык тармактарда Россиядан учуп келген кыргыз жарандарынын тизмеси талкуу жаратып, мекенине кайтып жаткандардын тизмеси кылдат текшерилип, жардамга чыныгы муктаж болгондор биринчи көмөк алуусу керектигин айтышкан болчу.

Количество просмотров: 184