• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Оренбургдан автобустар менен миңден ашык кыргызстандык келди

28 Баш оона 2020 11:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-августа Кыргызстанга Россиянын Оренбург облусунан Казакстандын аймагы аркылуу экинчи колоннада 25 автобус менен 1 миң 563 кыргызстандык келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Аталган иш-чаралар биздин жарандарды чыгарып кетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу үчүн Кыргызстан жана Казакстандын тышкы саясый ведомстволорунун РФтин Оренбург облусунда жүргөн КР жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча кезектеги транзиттик коридорду берүү тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды»,-деп айтылат маалыматта.

ТИМ РФнын аймагындагы КР жарандарын Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы тарапка анын ачылышына чейин өтпөй турууга чакырат.

Эске сала кетсек, кечээ 29 автобус менен 1 миң 715 Кыргызстандын жараны кайтып келгендиги кабарланган.

Количество просмотров: 119