• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орхан Инанды табышмактуу жагдайда жоголду. Милиция аны кантип издеп жатат?

7 Кулжа 2021 19:15 Бишкек Govori.TV

7 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды жолдошу “Түркиянын Бишкектеги элчилигинде кармалып турат” деген кабары бар экенин айтып чыкты.

Ал эми жактоочу Таалайгүл Токтакунова Орхан Инанды жетиштүү деңгээлде изделбей жатат деп эсептейт.

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча маалымат угулду. Анда Тышкы иштер министринин орун басары Орхан Инанды элчиликке кирип кетти деген маалымат боюнча факт жок экенин айтты.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Милиция издөө иштери уланып жатканын кабарлоо менен чектелди.

Коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков Инандынын жоголушу коомчулукта резонанс жаратканын айтып, кандай болбосун иликтөө иштери боюнча түзүлгөн топ жакында аягына чыгыш керек деген пикирде.

Орхан Инанды жоголгону билингенден бери Бишкек шаарында аны табууну талап кылган жарандар 7 күн катары менен акция уюштуруп жатат.

“Сапат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү аны тапкандарга миллион доллар сый акы дагы жарыя кылды. Ушундай эле талап менен митинг-пикеттер АКШ жана Европанын айрым өлкөлөрүндөгү Түркиянын элчиликтеринин, консулдук имараттарынын алдында болду.

Орхан Инанды Кыргызстанда 20га жакын «Сапат» жеке лицейинин, эл аралык «Ала-Тоо» университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан. Инандынын дайынсыз болуп жатканы коомчулукту дүрбөттү. Коомдук сайттарда кызуу талкуулар жүрүп, бир катар коомдук жана жарандык ишмерлер өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп жаткан чагы.

Количество просмотров: 855