• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орхан Инандынын тарапкерлери кайрадан акцияга чыгышты

25 Кулжа 2021 12:20 Бишкек Govori.TV

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тарапкерлери 25-июнда кайрадан акцияга чыгышты. Ондогон жаран өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, бийликтен Инандыны табууну өтүнүп жатышат.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болууда. Анын тарапкерлери эки жумадан ашуун акцияларды тынбай өткөрүп турушту.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча милиция Жазык кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») менен кылмыш ишин козгогон, Интерпол да издеп жатканы айтылган. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Расмий маалыматтар боюнча, Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн издөөгө жардам сурап Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жазганын, бирок аны кабыл албай коюшканын адвокаты 15-июнда билдирген.

Количество просмотров: 100