• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Орхан Инандынын жоголушу. Бишкекте Түрк элчилигинин алдына адамдар чогулду

1 Кулжа 202120:02 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өтүп жатат.

Нааразычылык акциясына 200дөй адам чогулган. Алар Орхан Инанды дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратында экенин божомолдошуп, аны бошотууну талап кылышууда.

Митингге чыккандар «Орхан Инанды бошоткула!», «Дипломатиялык миссиянын өкүлдөрүнөн диалогго барууну талап кылабыз!» деген жазууларды кармап алышкан.

Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Количество просмотров: 74