• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленет

24 Жетинин айы 2022 17:17 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин чечими менен 2022-2023-жылдары Ормон хан Ниязбек уулунун 230- жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча иш план иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүп баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Сарыбагыш уруусунун чоң манабы, Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

Тарыхый маалыматтарга караганда, Ормон хан Ниязбек уулу 18 жашынан баштап эле согуштук жүрүштөргө активдүү катышып, өмүрү өтө татаал тарыхый кырдаалга- кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келген. Отуз жашынан эл башкарууга аралаша баштаган.

Анын атак- даңкы артып, кыргыз урууларынын, атүгүл казактардын арасында дагы таасири күчөгөн. Анжиян, Алай, Ферганадагы аркалык кыргыз урууларынын башчылары Ормон хан Ниязбек уулу менен алака катышта болуп турушкан.

Ормон хан Ниязбек уулу кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830 –1831-жылдары солто, сарбагыш, бугу, саяк, черик ж.б. уруулардын өкүлдөрүн, Кокон ханынын элчилерин «Жер ортосу» аталган Орто-Токойго атайын жыйынга чакырып хан көтөрүлгөн.

1842-, 1843-, 1851-жылдары Ысык-Көлдөгү, Курткадагы, Чүйдөгү Кокон чептерин талкалатып, Кокон бийлигине оор сокку урган.

1847-жылы Кененсары баштаган казактын кошууну кыргыздарды басып алуу үчүн жортуулга чыккан.

Салгылашка бек турган Ормон хан Ниязбек уулу армиясы менен казак ханы Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдеген жана Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргогон.

Количество просмотров: 178