• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орок айыл аймагындагы 20,78 га аянттагы жер тилкесинде стадион курулат

29 Теке 2022 12:51 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында 20,78 га аянттагы жер тилкеси дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана энергетиканын жерлери категориясына которулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Мындай чечим министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөргөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясына төмөнкүлөрдү камсыз кылуусу тапшырылды:

– жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;

– жерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу.

Количество просмотров: 259