• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров: «Адилеттүү иштегенге көзүңөр жетпесе арыз жазып кеткениңер оң»

18 Бештин айы 202414:35 Бишкек Govori.TV

 Адилеттүү иштегенге көзүңөр жетпесе арыз жазып кеткениңер оң. Бул тууралуу Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.

Ал бийликтегилер эртели-кеч кетерин эскертип, чын жүрөктөн, ак ниет, таза иштеп берүүгө чакырды.

«Министрлерге айтаарым, араңарда мурдатан бери иштеп келе жаткандар барсыңар. Мурдакы заманды унуткула. Ар бир жетекчи мейли кайсы тармакта болбосун өз тармагыңарды ирээтке келтиргиле! Коррупциялык элементтерди, уурулуктарды туп тамыры менен жок кылгыла! Таза иштегиле! Таза, адилет иштегенге көзүңөр жетпесе эртелеп эле арыз жазып кетип калганыңар өзүңөргө жакшы болот», — деди президент

Количество просмотров: 183