Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 6-июнь күнү Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагында жергиликтүү тургундар арасында кайрадан уруш чыкты.
Белгилүү болгондой, жашоочулардын бири ММКларга маалымат берип жатканда башка жергиликтүү тургундар келип, анын сөздөрүн четке кага баштаган. Натыйжада алар кыйкырышып урушуп, милиция кызматкерлери жолду тороого туура келген.