• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бишкектин Орок айылында уруш чыкты

5 Кулжа 201918:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн, Сокулук районуна караштуу Орок айылында жаңжал чыкты. Бул тууралуу Govori.TVга WhatsApp аркылуу көрүүчүлөр билдиришти.


Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү эртең менен Айт намаз учурунда 15 жаштагы Тимур атуу жигит катуу сабалып учурда комада жатканы белгилүү болду.

Катталган окуядан кийин, Орок айылынын тургундары чогулуп, эки тарап ортосунда уруш чыгып бир нече үйлөр өрттөлгөн.


Учурда бул факт боюнча Орок айылына ыкчам милиция кызматкерлердин топтору жөнөтүлүп, кырдаалды тынчытууга чаралар көрүлүп жатканы маалым болду.

Количество просмотров: 25