Нарматова ИИМдин Тергөө кызматына тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин буга чейинки тараткан маалыматында, О.Нарматованын билдирүүлөрү өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга үгүттөгөн чакырыктар, эмгек мигранттарынын, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандардын дагы арасында нааразылыктарды козгогон белгилер бар болгону жазылган.
Топтолгон материалдар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Нарматованы Оштун аба майданынан кармашкан.