Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова жакында турмушка чыкканга даярданып жатканын билдирди. Бул тууралу ал Facebook баракчасына жазды.

“Экөөбүз тең “тойдун түйшүгү”- деп арыктап кеттик. Сүрөттөрдө 6 ай айырмачылык. Ошентип сүйлөшүп, макулдашсак деле кечээки жагымдуу суроого жагымдуу жооп бердим, “ооба”-деп… Баса, менин уруум Басыз, Абдынын уруусу ичкиликтин Кесек уруусу. Каштарыбыз кара нагыз кыргыздарбыз”, — деп жазды Нарматова.
Орозайым Нарматова 2021-жылы Жогорку Кеңештин чакырылышында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланып, бирок 2022-жылы мандатынан ажыратылган. БШКнын чечимине УКМК менен билим берүү министрлигинен Нарматова Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алынып, жогорку билим тууралуу диплом алгандыгы тууралуу документтер негиз болгон.
Нарматова 2014-2017-жылдары Садыр Жапаровдун колдоочусу болгондугу менен белгилүү болгон. 2017-жылы «Мекенчил» партиясында пикир келишпестиктер башталганда ал лидери Адахан Мадумаров болгон «Бүтүн Кыргызстан» партиясына өткөн.