• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзамда кандай өзгөртүүлөр сунушталган жана ал эмнеси менен жаман?

1 Кулжа 2023 18:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешке бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр тиешелүү комитеттердин талкуусуна түшкөнү белгилүү болду.

Мыйзам долбоору чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга «чет өлкөлүк өкүл» макамын берүү жана аларды текшерүүгө алуу беренелерин камтыйт. Аталган мыйзам долбоордо Надира Нарматова менен чогу авторлош 32 депутат көрсөтүлгөн. 

Жарандык коомдун өкүлдөрү чуулгандуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышына караманча каршы.

«Smart Жаран» Ассоциациясы мыйзам долбоору менен кандай өзгөртүүлөр сунушталып жатканын жана ал эмне үчүн жаман экени тууралуу түшүндүрмө берген.

Кошумчалай кетсек, буга чейин “Адилет” укуктук клиникасынын жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын юристтери чуулгандуу демилгелердин көтөрүлүшү жарандык сектордун жоюлушуна алып келерин билдиришкен. Алардын комментарийлерине көңүл бурулган эмес.

Эске салсак, бешинчи чакырылышта депутат Надира Нарматова кесиптеши Турсунбай Бакир уулу менен биргеликте ушундай эле документти сунуштаган. 2016-жылдагы мыйзам долбоору үчүнчү окууда алтынчы чакырылыштын депутаттары тарабынан четке кагылган.

Количество просмотров: 126