• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Нарматова «министрден тууганына жумуш сурап жатат» деген видео боюнча үн катты

10 Тогуздун айы 2023 10:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова «Саламаттык сактоо министринен тууганын жумушка орноштурууну суранды» деген маалыматты төгүндөгөн билдирүү жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын сүйлөшүүсүнүн видеосу тараган. Анда Нарматова тууганын жумушка орноштурууну суранган.

Ал эми депутат өз билдирүүсүндө анын сөзүн бурмалап жатышкандыгын айткан.

«Маалыматтык согуш жүрүп жатат. Аны баамдап турам. Адам катары учурашып, турмуштук ар түрдүү сөздөрдү тамашалап сүйлөшүп олтурганбыз. Адам менен адам учурашып сүйлөшөт да. Сүйлөшүп олтурсак министрге бирөө чалып кылды. Телефон менен сүйлөшүп жаткан. Биз маани берген жокпуз. Биз башка эле сөздү сүйлөшүп жатканбыз. Бир кыз отурган .Түшүнүп түшүнбөй, божомолдоп, жалаа жаап жазып чыгыптыр. Жазмакерлерге эскертүүм. Менин туугандарымдын баарынын өз орду бар. Диплому да бар. Бешене тер эмгектенип жашоо улашат. Менин принцибим андай ыплас иштерге жол бербейт. Иште, маңдай тер менен акча таап, оңой оокат жок деген үй-бүлөөдөн чыкканбыз»,-дейт Нарматова.

Ал эми Бейшеналиев депут айым менен тууганын жумушка орноштуруу боюнча сөз болгонун жашырган жок.

Количество просмотров: 7312