• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Орозайым Нарматова менен Шаменов өлкөгө алынып келинди

29 Тогуздун айы 2022 13:42 Бишкек Govori.TV

Москвада кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова жана активист Илгиз Шаменов Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу кармалгандардын жакындарынын маалыматына таянып жазды. Бул маалыматты «Манас» эл аралык аба майданындагы өздүк булактары дагы тастыктаган.

27-октябрда Москвада экс-депутат Орозайым Нарматова кармалганы кабарланган. Кийин анын жакындары Нарматованы 26-октябрдын түнү үйүнөн полиция кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Орозайым Нарматова Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

Активист Илгиз Шаменов 28-октябрдын таңында Фейсбукка аны күч органдары Кыргызстанга алып кетип жатканын айтып, Москвадан Бишкекке чейинки авиабилетин жарыялаган.

«Азаттык» 28-октябрдын түнүндө активисттер Бишкек шаардык милициясына суракка жеткирилгенин жазган.

Ички иштер министрлиги бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 306