• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Орозайым Нарматованын камактагы мөөнөтү узартылды

9 Бештин айы 2022 18:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын камактагы мөөнөтү узартылды. Ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 9-декабрындагы токтомуна ылайык, 2023-жылдын 20-февралына чейин абакта болот.

Нарматова жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагында кармалууда.

Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде айып тагылган. 27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармаган жана ал Кыргызстанга алып келинген.

27 жаштагы Орозайым Нарматова өлкөдөгү окуяларга пикирин активдүү билдирип, бийликти сындап келген. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккандардын бири.

Нарматова Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына Бүтүн-Кыргызстан партиясы менен келип, депутат болуп шайланган. Бирок УКМК Нарматова дипломун мыйзамсыз алганын билдирип кылмыш-ишин козгогон.

Кийинчерээк БШК Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» деген шек менен 20дан ашык активист жана саясатчыларды кармады, үйлөрүн тинтүүгө алды. Сот аларды эки айга камакка алды.

Количество просмотров: 256