• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орозалиев: Бишкекте коменданттык саатты бузган 122 адам кармалды

30 Жалган куран 20209:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-мартка карата Бишкекте коменданттык саат учурунда 122 жаран тартип бузду. Бул тууралуу Бишкек шааранын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйында билдирди.

«Өткөн суткада саат 7:00гө чейин борбор калаада 122 тартип бузган жаран кармалды. Алар 23 аял, 97 эркек, анын ичинде 2 чет элдик жаран жана 2 өспүрүм. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 739 адам кармалган», — деди комендант.

Количество просмотров: 166