• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орозалиев: Кризистик борборлорду ачуу маселесин карап жатабыз

24 Чын куран 202013:28 Бишкек Govori.TV

Үйдөгү зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө байланыштуу кризистик борборлорду ачуу маселесин карап жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда карантин учурунда үйдөгү зордук-зомбулуктун учурлары 61,7%га өстү. 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталды.

«Мында көп адамдар чогулушуна байланыштуу бардык санитардык-эпидемиялык эрежелер сакталат. Биз бул борборлордун жана алардын тургундарынын коопсуздугун камсыздоого даярбыз», — деп билдирди Орозалиев.

Количество просмотров: 263