Дүкөнгө, дарыканага, ооруканага баруу үчүн анкета же маршруттук баракча толтуруу керек. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында, жарандарда өздүгүн тастыктаган күбөлүк жана колго толтурулган маршруттук баракчасы (аты-жөнү, көчөгө чыгуунун максаты жана мөөнөтүн көрсөтүү) болушу керек.
«Коменданттык саат учурунда жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынат. Тургундар саат 07:00дөн 20:00гө чейин көчөгө азык-түлүк алганы, дарыканага баруу, дарыгерге кайрылуу үчүн гана чыгууга болот»,-деди Орозалиев.
Анда төмөнкү маалыматтар колго толтурулган болууга тийиш:
• Аты-жөнү;
• Телефон номуру;
• Үйдөн чыккан себеби;
• Чыккан убактысы;
• Кайткан убактысы;
• Жашаган жери;
• Бара турган жери.