• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орозо айы 29 күнгө созулат. Муфтият суроолорго жооп берди

19 Чын куран 2023 9:40 Бишкек Govori.TV

Орозо айы 29 күн болобу, же 30 күн болобу? Бул талаш боюнча Муфтият түшүндүрмө берди.

Түшүндүрмөдө төмөндөгүдөй айтылат:

«Жыл сайын куттуу орозо айынын аяк ченинде “орозо 30 күн гана болушу керек” деген талаш-тартыштар күчөп, ортодо элдин башын айлантат. Диний маселелерди Алладан коркуу жана жоопкерчилик менен чече турган расмий диний идаара (Муфтият) турганына карабай, ар кайсы хадистерди чампалап, өзүнчө фатва берчүлөр чыгып, мусулман коомчулугуна ар дайым түшүнбөстүк, фитна, бөлүп-жаруу жаратуудан башкага жарабайт. Биз бул макалада Рамазан айынын 29 же 30 болору боюнча хадистерди жана шарий далилдерди изилдеп, так маалымат берүүгө аракет кылабыз. “Эмне үчүн 29 күн кармайбыз, 30 күн эмес”, – деп чуу салуунун кереги жок. Рамазан айы кээде (көбүрөөк учурда) 29 күн, кээде (азыраак) 30 күн болуусу табигый көрүнүш»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 108