• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Орозокулов: Үйүбүздү тоноп, малыбызды айдап кетишти

23 Аяк оона 2022 13:38 Бишкек Govori.TV

Үйүбүздү тоноп, малыбызды айдап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Жаныбек Орозокулов билдирди.

Анын айтымында, тажик тарап тынч жаткан айылды миномёт, БТР сыяктуу оор техникалар менен аткылаган.

«Биз 16-сентябрь күнү эртең менен 6:30дар чамасында элдер дүрбөлөңгө түшүп калды. Кичинекей балдарым, 96 жашка келген атам бар. Араңдан зорго абалды түшүндүрүү менен башка жерге жөнөтүп жибергенге үлгүрдүк. Жарым саат өтпөй, тажик тараптан мылтыктын үнү угулду. Биздин айылды миномёт, БТР сыяктуу оор техникалар менен аткылашты. Кийин тажиктин куралчан адамдары айылды басып киргенде биз качып жөнөдүк. Кудайга шүгүр, жаныбыз аман калды. Биз тоого чыгып кете албай карап отурдук. Унаалар менен келип, өрүктөрдү жүктөп, муздаткыч, телевизор баарын алып, малдарыбызды айдап кетишти. Аягында үйлөрүбүздү өрттөп кетишти. Мына ушул боюнча калдык. Эч нерсебиз жок»,-деди ал.

Количество просмотров: 194