• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Орозова: Парламентте жеке таарынычтар,өч алуулар боюнча маселелер көтөрүлүп жатат

20 Кулжа 201912:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча токтом долбоору тууралуу пикирин айтты.

«Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу бийлик. Ыйгарым укуктарыбыздын негизинде биз көзөмөл кылуу милдетин аткарабыз. Акыркы учурда ушул залда мамлекеттин көйгөйүн көтөрө турган жерде, жеке таарынычтар, өч алуулар боюнча маселелер көп көтөрүлүп жатат. Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караганы жатабыз. Талкууга активдүү катышалы. Бирок, биз бул боюнча өлкөбүздүн тарыхы үчүн чечим кабыл алышыбыз керек. Бул чечим Башкы прокуратурага барат. Башкы прокурор келечекти ойлоп мыйзамдуу чечим кабыл албаса, убагы келгенде ушул чечим үчүн жооп берип калышы мүмкүн. Бүгүнкү күнү Зарылбек Рысалиев, Аида Салянова чечим кабыл алган үчүн жооп берүүдө. Алмазбек Шаршеновичтин кеткенине бир жарым жыл болду. Ал киши бийликте кезде жылуу сөздөрдү айттыңар. Аны «журт атасы», «сизден көп нерсе үйрөндүк» деп дагы айткансыздар. Урматтуу кесиптештер бүгүн ойлонуу менен чечим кабыл алалы», — деди К.Орозова.


Количество просмотров: 20