• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орто-Сай базарындагы өрттө жабыркагандар жок

9 Жетинин айы 2020 10:00 Бишкек Govori.TV

Орто-Сай базарындагы өрттө жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Өрт саат 02:16да чектөөгө алынып, тилсиз жоонун андан ары башка обьектилерге жайылышына жол берилген жок. Ал эми саат 8:55 толугу менен өчүрүлгөн. Болжол менен өрттүн жалпы аянты 1800 чарчы метри күйгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор жок»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 9-ноябрга караган түнү Бишкектеги “Орто-Сай” базарынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн 5 бөлүм, 1 авто шаты, 1 суу ташуучу унаа, ККББдан ыкчам топ, Штаб,  ИИМден кызматкерлер тартылган.

Өрттүн себеби жана чыгымдар тууралуу маалыматтар такталууда.

Количество просмотров: 51