Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга берилген жок. Толугу менен Кыргызстандын карамагында калды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып айтты.
Анын айтымында, «Орто-Токой суу сактагычы берилип кетти», — деген маалымат жалган.
Учурда парламент жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча келишим тууралуу баяндама берип жатат.
Буга чейин айрым маалымат булактарында Орто-Токой суу сактагычы жана Чечмедеги булактын берилгендиги айтылган.