• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ооруканага эс-учун жоготкон белгисиз жигит түштү . Тааныгандар болсо кабарлап коюнуздар!

10 Баш оона 2018 12:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек 10.08.2018. Govori.TV

Улуттук госпиталдагы жандандыруучу бөлүмдө жаткан белгисиз жарандын жакындары изделүүдө.

Жаш жигит туурасындагы маалыматты аталган оорукананын врачы Жанар Айдаров фейсбук баракчасына жайгаштырган.

Анын айтымында: азия түспөлүндөгү жашы болжол менен 20-22 деги жигит, адегенде №6 шаардык клиналык оорукананын комасына түшкөн. Андан соң,  №3 улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө которгон. Атуулдун жанында өздүгүн тактоочу эч кандай документ жана телефон болгон эмес. Ал фудболка жана кара чолок шымчан болчу деп билдирген дарыгер.

Улуттук госпитал жарандын өздүгү дагы эле тактала электигин ырастады. “ “Азыр ал жандандыруучу бөлүмдө эс-учун жоготкон абалда жатат. Аны атайын медицина кызматкерлери карап жатышат” – деп кошумчалады медициналык мекеменин директорунун орун басары- Талант Арстанкулов.

Количество просмотров: 13