• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Орус өкмөтү студенттерди Мариуполду калыбына келтирүүгө жөнөтөт

13 Кулжа 2023 9:09 Бишкек Govori.TV

Орус өкмөтү талкаланып, оккупацияланган Мариуполду калыбына келтирүүгө орусиялык студенттерди тартууну пландоодо. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова билдирди.

Аткаминердин айтымында, жайында орусиялык студенттер Мариуполдун инфраструктурасын калыбына келтирүүгө катышат.

«Ушул жай сиздер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Сиздер бардык милдеттерди аткарасыздар деп ишенем», — деди вице-премьер-министр.

Ал орусиялык студенттер Донецк облусундагы согуштук аракеттердин натыйжасында бузулган “Саур-Могила” мемориалдык комплексин калыбына келтирүүгө катышканын эске салды.

Мурдараак орусиялык компаниялар Украинанын аннексияланган облустарындагы аскердик курулуштарга борборазиялык мигранттарды байма-бай жалдап жатканы, арасында Кыргызстандын жарандары да бар экени тууралуу маалыматтар айтылып келген. Алардын айрымдары убада кылынган акчасын ала албай жатышканы кабарланган.

Количество просмотров: 65