• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусия Крымга С-400 ракеталык комплексин «кароол» кылып койду

28 Жетинин айы 2018 14:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
Эми Крымды жаңы согуштук технология С-400 «Триумф»зениттик-ракеталык комплекси ушул жылдын аягына чейин корумай болду. Бул тууралуу  Орусиянын Түштук аскердик округунун маалымат катчысы Вадим Астафьевдин маалыматына таянып Риа-новости сайты жазды..
Комплексти башкаруучу аскерлер аны Крымдагы ордуна жеткирүү үчүн даярдашууда. Буга чейин Астрахан аймагындагы текшерүүдө бул куралдын катуу ылдамдыктагы объекттерди, орточо жана жакын аралыктагы учактарды жазбай таанып, ата ала турганы тастыкталып, машыгуу ийгиликтүү өткөн болчу.
Мобилдик көп кырдуу С-400 «Триумф» маанилүү саясий-административдик, экономикалык жана аскердик объекттерди коргоо үчүн чыгарылган. Мунун тактикалык жана техникалык мүнөздөмөсү С-300гө караганда алдаганча мыкты. бирок С-300 дагы өзүнүн европалык аналогдоруна салыштырмалуу күчтүү экени айтылып келет.
Кошумчаласак, Крым жарым аралы 2014-жылы референдум аркылуу Украинадан Орусияга өткөн. Бирок муну Киев дагы, Европадагы коңшулары дагы жактырбай, буга Кремлди айыпташууда. Буга байланыштуу Евробиримдик Орусияга каршы бир катар ири санкцияларды салган. Ошондой эле Крымдын боюндагы Керч деңизиндеги окуя да эки тарапты оңойчулук менен бет карашкыс абалга кептеп койду.
Булак: “Марал” радиосу
Количество просмотров: 31