• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Орусияда мыйзамсыз жүргөндөр тоскоолдуксуз кирип чыга алышат

26 Тогуздун айы 2018 10:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.10.2018.Govori.TV.
Орусияда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар 16-октябрдан 10-декабрга чейин тоскоолдуксуз кирип чыга алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирген. Миграциялык мыйзамды сактабай Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандарга 10-декабрга чейин өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгып, кайра келүүгө шарт түзүлдү.Бул маалымат менен элчиликтин Красноярскдагы өкүлчүлүгү кыргыз мигранттарын кабардар кылды. Анда президенттер тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимдер боюнча да маалыматтар берилген. Ошондой эле, элчилик активисттерден бул боюнча маалыматты социалдык тармактар жана маалымат каражаттары аркылуу жарандарга жеткирүүнү суранып жатат.
Количество просмотров: 37