• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусиянын эки согуштук учагы Венесуэлага жеткирилди

12 Бештин айы 2018 8:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.12.2018. Govori.TV

Орусиялык эки даана согуштук Ту-160 учагы Венесуэлага жеткирилди. Бул туралуу Орусиянын Звезда телеканалы түз эфирден жарыялады.

Орусия менен Венесуэланын бул келишими батышты, өзгөчөАмериканы тынчсыздантты. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул тууралуу «Мадуро элден коррупция жолу менен жыйнап алган акчасын маанисиз сапырып жатат»,-деп билдирген. Анын бул билдирүүсүнө орус тарап жооп берди.

Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Помпеонун айтканын дипломатияга сыйбайт деп баалады. Коргонуу тармагынын бюджетинин жарымы эле бүтүн Африканы бага ала тургандай өлкө үчүн мындай сөздү айтуу орунсуз экенин белгилеген. Песков учактардын бардык эл аралык нормаларга ылайык, мыйзамдуу түрдө жөнөтүлгөнүн, жадагалса он миңдеген чакырым жолду артка калтырып өз ордуна жеткенин айтты.

Эске салсак, Венесуэла жумушсуздук жана коррупция боюнча дуйнөдө алдыңкы орунда турат. 4 миллионго жакын эли жакырчылыктан уламбашка өлкөлөргө чыгып кетишкен. Бийликтеги Мадурого каршы толкундоолордо оппозицияны колдогон АКШ жана Латын Америка өлкөлөрүнө каршы Орусия бийликти колдоп, бир катар ири көлөмдөгү инвестицияларды салган.

Количество просмотров: 14