• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жумгалда 47 жаштагы аялды эки небереси менен кошо өлтүрүп кетти

22 Бештин айы 2018 12:44 Бишкек Govori.TV

 Бишкек. 22.12.2018. Govori.TV

2018-жылдын 21-декабрь күнү Нарын облусунун Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө нөөмөт бөлүгүнө “Көк-Ой” айылында өрт чыгып үй бүлөө каза болуптур деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу 
ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады. 


Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып алгачкы иликтөө тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, натыйжасында ошол үйдүн 47 жаштагы тургуну А.Э нын жансыз денеси өрт чыккан бөлмөдө жаткан жеринен табылган, ошондой эле ошол эле үйдүн башка бөлмөсүндө өлгөн аялдын неберелери төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын жана жети жаштагы И.А. аттуу баланын жансыз денелери төшөктө жаткан абалда табылгандыгы аныкталган.


Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобунун алгачкы иликтөөлөрүнүн жүрүшүндө окуя толугу менен аныкталды.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө 47 жаштагы тургуну А.Энын зордукталганы жана ошондой эле башка бөлмөдөгү төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын да зордукталгандыгы аныкталган.

Учурда аталган факты боюнча толук кандуу текшерүү жана ыкчам-иликтөө иштерин уюштуруу максатында окуя болгон жерге Жумгал райондук милициясынын ыкчам тергөө тобуна кошумча күч катарында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жиберилип тиешелүү денгээлде тергөө иштери колго алынды.


Бул факты боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан соттук-медициналык, биологиялык, химиялык, гистологиялык, дактилоскопиялык, криминалистикалык, медико-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.


Алгачкы тергөөнүнү жүрүшүндө 47 жаштагы тургуну А.Энын жана анын уулу жети жаштагы И.А., күч колдонулуп, муунтулуп өлтүрүлгөнү, ал эми төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын зордукталгандыгы аныкталган.

В Нарыне мужчина изнасиловал женщину и ее 4-летнюю внучку, а после задушил их (фото)

Аталган факты боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан  кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу максатында Нарын ОИИБнын, Жумгал РИИБнүн кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, ыкчам-иликтөө иштери уюштурулган.


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жумгал районунун Көк-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну Ш.К., кармалып, тергөө иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

В Нарыне мужчина изнасиловал женщину и ее 4-летнюю внучку, а после задушил их (фото)


Кылмыш жасаган 29 жаштагы Ш.Кнын айтуусунда 2018-жылдын 20-декабрында кечки саат тогуздар чамасында Жумгал районунун Көк-Ой айылынын 47 жаштагы тургуну А.Энын үйүндө түнкү саат он бирлерге чейин спирт ичимдигин ичип олтурушуп, анан ал аял мас болуп уктап калганда ошол үйдүн төркү кичи бөлмөсүнөн уйкудан ойгонуп калган төрт жашар кызды күч колдонуп зордуктаган, жанында уктап жаткан жети жаштагы И.А. ойгонуп кеткенинен, аны алгач ирээт колу менен муунтуп өлтүргөн, анан кичине кызды да тумчуктуруп өлтүргөнүн, андан кийин конок бөлмөдө мас абалында уктап жаткан 47 жаштагы тургуну А.Эны да колу менен муунтуп өлтүрүп, жасаган кылмышын жашыруу максатында бөлмөдөгү мештин ичинен оттун очокторун алып, бөлмөнүн ар кай бурчтарына от коюп атайлап өрттөп, анан качып кетип калгандыгы аныкталды.

В Нарыне мужчина изнасиловал женщину и ее 4-летнюю внучку, а после задушил их (фото)

 
29 жаштагы Ш.К.КРнын Жумгал райондук ИИБнүн убактылуу кармап туруу жайына камакка алынды. Учура аталган оор кылмыш боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

В Нарыне мужчина изнасиловал женщину и ее 4-летнюю внучку, а после задушил их (фото)

Количество просмотров: 27