• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусия COVID-19 менен ооруган адамдардын саны боюнча Кытайдан ашты

27 Чын куран 2020 16:54 Бишкек Govori.TV

Орусияда соңку бир күндүн ичинде 6200гө жакын адамдан коронавирус чыкты. Дагы 50 киши бул илдеттен көз жумду. Ошентип бул өлкөдө ооруга кабылгандардын саны 87 миңден ашып, мындай көрсөткүчтөр менен Кытайды басып өттү жана дүйнөдө тогузунчу орунга чыкты.

Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандар үч миллион адамга чамалады. Илдеттен 206 миңден ашык киши көз жумду. АКШда ооругандар 940 миңден ашты, 54 миңден көп кишинин ажалы жетти. Ал арада айрым штаттар карантин чараларын жумшарта баштады.

Европанын кээ бир өлкөлөрү да карантин чараларын акырындап жоюп жатат. Испанияда алты жумадан кийин, 26-апрелде балдарга кыска убакытка эшикке чыкканга уруксат берилди. Бул мамлекетте ооруну 227 миңге чукул адам жугузуп алган, көз жумга кишилердин саны 23 миңден ашкан.

Оорудан эң көп жапа чеккен Италия да карантин чаралары 4-майдан тартып азая баштай турганын билдирди.

Оору алгач катталган Кытайда соңку бир күндүн ичинде коронавирус үч адамдан табылды, 12 күндөн бери илдеттен көз жумгандар каттала элек. Бул өлкөдө расмий маалымат боюнча оору 83 миңдей адамдан табылган, 4600дөн ашык кишинин өмүрү кыйылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө мамлекеттерин ооруну дарылоонун натыйжалуу ыкмалары табылгыча карантинди жойбой турууга чакырып жатат.

Количество просмотров: 149