• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Орусия элчилиги Украинада теги кыргызстандык жигит каза болгонун ырастады

23 Жалган куран 2022 9:18 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Украинада теги кыргызстандык орус жараны каза болгонун ырастады.

«Украинадагы демилитаризация жана денацификация боюнча атайын аскердик операцияда тапшырманы аткарып жатып Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, теги кыргызстандык орус жараны Дорбоев Эгемберди Бекказымович баатырларча курман болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Орусия элчилиги каза болгон аскердин жакындарына көңүл айтканы кошумчаланган. Орусиянын бир катар маалымат сайттары Украинадагы согушта Дорбоев Эгемберди аттуу аскер 8-мартта каза болгонун жазып чыгышты.

Количество просмотров: 153