• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Орусия Европа Кеңешинен чыгарылды

17 Жалган куран 202213:20 Бишкек Govori.TV

Европа кеңешинин министрлер кабинети Орусияны уюмдун катарынан чыгарды. Чечим күчүнө кирди.

Орусияны бул кеңештен чыгарууну Европа кеңешинин Парламент ассамблеясы сунуштаган.

Мындан тышкары 16-марттан баштап Орусия адам укуктары жөнүндө Европалык Конвенциянын мүчөлүгүнөн да чыкты. Эми бул уюм Орусияга байланыштуу 16-мартка чейинки арыздарды гана карайт.

Европа кеңеши февралдын аягында Украинага каршы агрессияга айыптап Москванын мүчөлүгүн токтоткон. Мындан соң Орусия ТИМи өлкө Кеңештин ишине катышпай турганын билдирген. 15-мартта Орусия Европа Кеңешине уюмдан чыкканын эскерткен.

Орусия Европа Кеңешине 1996-жылы кошулган жана уюмдан чыккан алгачкы өлкө болуп калды.

Количество просмотров: 4126