• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Орусия: калайман мушташта эки тажикстандык каза болду

3 Баш оона 2023 17:21 Бишкек Govori.TV

1-августка караган түнү Москванын четиндеги Чехов шаарында катталган жапырт мушташта каза болгон эки мигрант Тажикстандын жарандары экени аныкталды.

Мурдараак орусиялык басылмалар мигранттардын жапырт мушташы учурунда эки адам бычакталып, ошол жерден каза болгонун жазышкан.

2-августта Тажикстандын Орусиядагы элчилиги «Озоди» радиосуна билдиргендей, калайман мушташка Тажикстандын 10 жараны катышып, алардын экөө мерт болгон. Шектүүлөрдүн экөө издөөгө алынып, калгандарын Москва облустук тергөө башкармалыгынын кызматкерлери кармаган.

Маалыматка караганда, каза болгондордун бири бир күн мурда «Карнавал» соода борборунун жанындагы кафеде сабалган. Ал өч алуу үчүн тааныштарын чогултуп барып, акырында жапырт мушташтан өзү да каза болгон.

Маркумдардын сөөгү 3-августта мекенине жөнөтүлөт.

Орусияда мигранттардын ортосунда чыр-чатактар көп катталат. Быйыл 12-июнда да Екатеринбургда тажик мигранттарынын ортосунда жаңжал чыгып, эки адам каза болгон.

Теги:
Количество просмотров: 261